Loading...

«АгроТехЭкспо - 2024» агроөнөр жай көргөзмөсү тууралуу жана «Алтын күз» жарманкеси

2024-ж., 3-октябрь
Постту бөлүшүү:

Ушул жылдын 18-20-октябрында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү Т. Усубалиев аянтында «АгроТехЭкспо - 2024» республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

«АгроТехЭкспо - 2024» – бул дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба сектору үчүн жабдуулардын жана технологияларынын кеңири спектрин көрсөткөн көргөзмө. Көргөзмөнүн негизги максаты - Кыргызстандын айыл чарба потенциалын көрсөтүү, айыл чарба техникаларынын атаандаштык рыногун калыптандыруу жана фермерлердин акыркы агро өнөр жай технологиялары боюнча маалыматын жогорулатуу.

Көргөзмөнүн алкагында салтка айлангандай, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна бардык түрдөгү айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн «Алтын күз» жарманкеси уюштурулат.