«Борбордук Азиянын мөмөлөрү» форумуна катышуу жөнүндө
Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары - Фонд) 27-сентябрда Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында өткөн «Борбордук Азиянын мөмөлөрү» форумуна (мындан ары - Форум) катышты. Фонддун атынан Кредит жана инвестиция кызматынын эксперти Амантур Айдаров катышты.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясы» ЮЖБ тарабынан уюштурулган. Форумдун ачылышында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мирбек Дүйшеев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Форумда Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү мөмө-жемиш тармагынын бардык катышуучуларын бириктирген Борбордук Азия мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясын (мындан ары - БAМӨA) түзөрү жарыяланды. БAМӨA өз ара аракеттенүү, тажрыйба алмашуу жана аймактык продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аянтча болуп калат.
БAМӨA негизги максаты – региондогу мөмө-жемиш тармагынын кызыкчылыгын дүйнөлүк деңгээлде коргогон алдыңкы уюм болуу жана 2030-жылга карата мөмө-жемиш экспортун 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү.