Loading...

"Майлуу-Суу лампа заводу" ААКнын ишин модернизациялоо долбоорлору жөнүндө

2024-ж., 26-сентябрь
Постту бөлүшүү:

Белгилүү болгондой, быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Министрлер кабинети өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүүнү көздөп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын март жана август айларында "Майлуу-Суу лампа заводу" ААК Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунан (мындан ары – Фонд же ВКӨФ) жалпы суммасы 500,0 миң АКШ долларына технологиялык жабдууларды каржылоого макулдашкан. Бул жабдуулар Венгриядагы Тунгсрам заводунда колдонулган. 2024-жылдын июнь айында Венгриядан биринчи долбоор боюнча сатып алынган жабдуулар келип түшүп, завод ишке киргизүү иштерин баштады.

26-сентябрда Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Н. Шаршеева долбоор аянтчасында жолугушууларды өткөрүп, АКВ-400 колбону үйлөөчү автоматтын штаттык режимдеги иши менен таанышты. Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун инвестициялары өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү, технологиялык жабдууларды оңдоо жана тейлөө чыгымдарын азайтуу, продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу сыяктуу максаттарды көздөйт.

Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун каржылоосу "Майлуу-Суу лампа заводу" ААКсын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын колдоп, 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик каржылык колдоого ээ болду.

Маалымат үчүн:

Фонддун каржылоо шарттары менен төмөнкү сайттан таанышсаңыз болот: https://www.hkdf.kg/frontend/web/application/index?language=ky