Дунаш-Варга айымга «Кызматташтык учун» медалын тапшыруу женунде
Руслана Дунаш-Варга «Кызматташтык үчүн» медалын Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов тапшырды.
Дунаш-Варга айым кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы жана экономикалык чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Ж.Амангелдиевтин буйругу менен сыйланды. Руслана Дунас-Варга 2024-жылдын башына чейин венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап, кыргыз-венгр соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларын өнүктүрүүгө дилгирлик менен эмгектенип, учурда Баку шаарында жеке сектордо иштейт.