Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун кеңешинин кезексиз жыйыны жөнүндө
Жыйында ВКДФ Кеңеши «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсына компрессордук жабдууларды сатып алуу долбоору үчүн 100 000 (жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө кредит берүүнү жактырды.
Маалымат үчүн: Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айында «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга АКВ-400 колбаны автоматтык желдеткич жана тетиктерин сатып алуу долбоору боюнча 400 000 (төрт жүз миң) АКШ доллары каржыланган.