Loading...

Кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө

2024-ж., 31-июль
Постту бөлүшүү:
2024-жылдын 30-июлунда өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү максатында, Башкармалык Төрагасы Медер Темирбековдун атынан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын (мындан ары - МӨБ) жана Башкармалык Төрагасы Улан Сарбановдун атынан Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун (мындан ары - ВКӨФ) ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Кол коюлган Меморандум өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүчү долбоорлорду каржылоого багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн алкагында сунушталган долбоорлор МӨБ жана ВКӨФ стратегиялык максаттарына жана кредиттөө критерийлерине ылайык келээри жөнүндө макулдашышты, анын ичинде төмөнкүлөргө салым кошуу:

• экспорттук потенциалды туруктуу өнүктүрүү;

• өлкөгө инвестиция тартуу;

• эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу;

• сатуу рынокторун диверсификациялоо жана кеңейтүү;

• региондордо экономиканы жана бизнести өнүктүрүү;

• жумуш орундарынын санын көбөйтүү;

• бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү.