Loading...

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ВКӨФнун иши менен таанышты

2024-ж., 20-июнь
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 19-июнунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги мырза элчиликтин делегациясы менен барды. Конокторду Башкармалыктын Төрагасы Улан Сарбанов тосуп алды. Фонддун Башкармалыгы Венгриянын Кыргызстандагы элчисине жана делегацияга аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, каржылык колдоо көрсөтүүгө боло турган долбоорлорду издөөнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Венгриянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоого. Иш сапарынын аягында Шандор Дороги ВКӨФ командасы менен жолугушуп, Кыргыз Республикасы тарабынан акысыз негизде берилген кеңсе менен таанышты.

Маалымат үчүн: Фонддун каржылоо шарттары менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://hkdf.kg/frontend/web/application/index?language=ky