Loading...

Венгрия суу тазалоо курулмаларды куруу компаниясы менен жолугушу

2022-ж., 3-июнь
Постту бөлүшүү:

1-июнь 2022-жылы Венгрия-Кыргыз Өнүгүү фондунун (ВКӨФ) аянтчасында Венгриянын Бишкектеги элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, мамлекеттик жана жеке эс алуучу жайлардын өкүлдөрү жана Венгрия Суу Технология Корпорациясы менен жолугушуу өткөрүлгөн).

Венгрия Суу Технология Корпорация - ичүүчү сууну тазалоочу курулмаларды долбоорлоо жана комплекстүү сатуу, тазалоочу курулмаларды куруу, контейнердик мобилдик компакттуу суу тазалоочу курулмаларды, мембраналык тузсуздандыруучу орнотмолорду өндүрүү жана өнөр жай саркынды сууларды кайра иштетүү технологиялары боюнча адистешкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө эс алуучу жайлардын өкүлдөрү суу тазалоочу курулмаларды куруунун жана реконструкциялоонун артыкчылыктуу багыттарын, жакын жайгашкан эс алуучу жайлардын бирикмесин түзүү жолу менен суу тазалоочу курулмаларды орнотуунун наркын төмөндөтүү зарылдыгын айтышты. Жолугушуунун жыйынтыгы суу тазалоочу курулмаларды модернизациялоо маселесин андан ары иштеп чыгуу боюнча макулдашуу болду.

Компаниянын веб-сайты: www.hunwatertech.com