ВКӨФ жетекчисинин 2024-жылдын 25-28-июнундагы Венгриядагы жолугушуулары жөнүндө.
25-28-июнь күндөрү Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов Венгрияда иш сапары менен болду.
26-июнда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин статс-катчысынын орун басары Бихари Каталин жана тышкы соода боюнча адис Барабаш- Гьорги Жудит айым менен жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыкты билдирген долбоорлорду каржылоо жана Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү боюнча консультациялар өткөрүлдү. Башкармалыктын төрагасы Балатон көлүн жана анын айланасындагы аймактарды өнүктүрүү жана жөнгө салуу тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берди. Бир күн мурда Венгриянын курулуш жана транспорт министрлигинин архитектура боюнча статс-катчысы Келемен Жуша айым жана мейкиндикти пландаштыруу жана курулушту башкаруу департаментинин башчысы Борбели Шаролт айым менен жолугушуу болуп, анда учурдагы абал Балатон шаарында көлдөрдү өнүктүрүүнү пландаштыруу жана жөнгө салуу маселелери сунушталды.
Улан Сарбанов Hunland Trade Kft., A-Híd Zrt., Hidrofilt Water Treatment Ltd (Hungarian Water Technology Corporation), Realiscon, GANZ Transfomers and Electric Rotating Machines Ltd., H2O консорциуму сыяктуу венгриялык компаниялар менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. алар кыргызстандык компаниялар жана мекемелер менен биргеликте түрдүү долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Маалымат үчүн: Фонддун каржылоо шарттары менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://hkdf.kg/frontend/web/application/index?language=ky