Loading...

Венгриялык өнөктөштөр менен Ысык-Көлгө саякат тууралуу

2024-ж., 13-май
Постту бөлүшүү:

10-майдан 12-майга чейин венгриялык эки компаниянын: «A-Hid Zrt.» (транспорт жана муниципалдык курулуш тармагындагы) жана «Realiscon.Kft» (долбоордук инженерия тармагындагы) адистери, Фонддун кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдүн айланасындагы аймактарды өнүктүрүү муктаждыктары менен таанышуу максатында көлдү кыдырып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустун муниципалдык суу чарба кызматкерлери менен жумушчу жолугушуулар болуп, алар саркынды сууларды тазалоодогу кыйынчылыктар, өсүмдүктөр жана экологиялык көйгөйлөр жөнүндө айтышты. Сапардын катышуучулары саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды, транспорттук инфраструктура объектилерин жана туристтик жайларды карап чыгыштып, аны жакшыртуунун жолдорун издөө боюнча тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүштү. Дагы жергиликтүү бийлик адистери көтөргөн маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон ар кандай варианттарын талкуулашты.

Бул сапар суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле аймакты өнүктүрүүдө мамлекеттер ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн жергиликтүү бийлик жана тургундар менен жолугушууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү.

Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунан: Канат Маратбекович Курманов – Фондун Баркармалыгынын мүчөсү менен Мелис Жамгырбекович Кыштообеков – кредиттик жана инвестициялык кызматтын эксперти болду.