Loading...

Мониторинг жүргүзүү жана метадайындарды толтуруу системасынын жумушчу жыйыны

2024-ж., 26-апрель
Постту бөлүшүү:
26-апрель, 2024-жыл.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети туруктуу негизде министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28.10.2020-ж.354-б. Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн мониторинг системасы жөнүндө буйругун аткаруу үчүн маалыматтарды топтоо боюнча иштерди жүргүзүп турат.

Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн метадайындарын толтуруу жана мониторинг системасынын алкагында маалыматтарды чогултуу боюнча жумушчу отурумга ВКӨФ ден финансы жана аналитика боюнча Кызматтын менеджери Урмат Кыдырганов министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу менен катышты. КР УСК өкүлдөрү регионалдык статистиканын көрсөткүчтөрү үчүн сыпаттамасы бар метадайындарды толтуруу жана мониторинг системасын кайра карап чыгуу боюнча долбоорду презентациялашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Дүйнөлүк банктын долбоору менен биргелешип иштөөгө бурулду.