Катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча форумга катышуу жөнүндө
20-апрелде Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары – Фонд) катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча «Green Waste EXPO Forum 2024: калдыктарды эффективдүү башкаруу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат» аттуу ири форумга катышты. Фонддун өкүлү кредиттик жана инвестициялык Кызматынын эксперти Амантур Айдаров болду.
Иш-чаранын ачылышында JIA Бизнес-Ассоциациясынын төрагасы Жодар Омошов жана Accelerate Prosperity уюмунун директору Жылдыз Исабекова куттуктоо сөзүн сүйлөштү.Форумдун максаты тармактын көйгөйлөрүн талкуулоо жана натыйжалуу чечүү жолдорун табуу болгон. Талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, активисттер жана жашыл экономика боюнча эксперттер катышты. Калдыктарды башкаруу секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн контекстинде таштандыларды башкаруу, катуу калдыктар секторундагы саясатты жана алдыңкы тажрыйбаларды талкуулоо, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес сектордун ортосунда тыгыз өз ара байланышты түзүү боюнча маселелер көтөрүлдү.
Баяндамачылардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков, Экономика жана соода министрлигинин стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Эрмек Ашыров, «Тазалык» МИ директору Рамиз Алиев жана башкалар болушту.