Ветеринардык кызматтын директору жана Венгрия элчилигинин коммерциялык атташеси менен жолугушуу жөнүндө
17-апрелде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматында үч тараптуу жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Дүйнөлүк банк тобу тарабынан өткөн «АгроФорум – 2024 «Кыргыз Республикасында туруктуу агро өнөр жай секторун түзүү» иш-чарасында Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коммерциялык атташеси Андрей Букаинын жана Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов ортосунда макулдашууга жетишилген.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынан Венгрияга бал, козу жана форель сыяктуу товарларды алып келүүнү изилдөө жана илгерилетүү ниети тууралуу билдиришти. Мындай поставкаларды тышкы экономикалык жөнгө салуу маселелери талкууланды. Бал, козу жана форель этин экспорттоо маселелери буга чейин 2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жыйынында каралган.
Тараптар бодо малдын жана майда малдын терисин, ошондой эле топоздун этин экспорттоону тышкы сооданы жөнгө салуу маселелерин козгошту.Фонддун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов каржыланган жана каржылоого даяр долбоорлор боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана каржылоонун шарттары тууралуу маалымат берди. Жыйындын соңунда ал каржылоого арыз бергенде мындан ары биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди.