Агроөнөр жай комплексин жана кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча семинарга катышуу жөнүндө
2024-жылдын 13-апрелинде Новопавловка айылында, Органикалык айыл чарба департаментинин имаратында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Кыргызстанда ири жана чакан кайра иштетүү өнөр жайларын өнүктүрүү менен дыйкан-фермерлердин потенциалын жогорулатуу жана финансылык социалдык абалын жакшыртуу максатында өткөн көргөзмө-семинарга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри – Бакыт Төрөбаев, 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, мамлекеттик банктардын жана өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү, 40 райондук айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери жана фермерлер катышышты.
Семинарда төмөнкү темалар талкууланды:
1. Сафлорду май өсүмдүктөрүнө жана тоют азыктарына кайра иштетүү;
2. Даярдоочу жабдууларды колдонуу;
3. Заманбап жабдуулар менен көчмө канаттуулар фермасын куруу;
4. Көчмө машинасынын иштөө ыкмалары;
5. Булгаары иштетүү;
6. Жүндү иштетүү жолу менен жүндөн жууркан тигүү;
7. Гидропоника – малга тоют даярдоонун үнөмдүү жолу.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, учурда кайра иштетүүчү ишканалар жана чакан ишканалар менен фермерлердин ортосундагы байланышты чыңдоо, айыл чарба кластерин өнүктүрүү, фермерлер үчүн ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдууларды киргизүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Бул иш-чарага Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун өкүлү болуп кредиттик жана инвестициялык кызматтын эксперти – Мелис Кыштообеков катышты.