Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору менен жолугушуу жөнүндө
12-апрелде Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун (мындан ары – ВКӨФ же Фонд) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (мындан ары – КУАУ) жумушчу жолугуушусу болуп өттү. Бул жолугушуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Дүйнөлүк банк тобу тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасында туруктуу агро өнөр жай секторун түзүү» 2024 агро форумунун алкагында тараптар үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде өткөрүлө тургандыгын макулдашышкан.
ВКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Улан Сарбанов Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өрчүндөтүү жана өлкөнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча Фонд тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле ВКӨФти каржылоо шарттары жөнүндө маалымат берди.
КУАУнун ректору Рысбек Нургазиев Венгриянын Айыл чарба жана жашоо илимдери университети (MATE) жана ZKI MATE институту менен биргелешип иштөө пландары, жашылча жана канаттууларды өстүрүү жаатындагы эл аралык долбоорлорду улантуу ниети тууралуу маалымат берди. Жана агрардык сектордогу эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча жакында ачылган университет лабораториясынын мүмкүнчүлүктөрү, КУАУнун айыл чарбадагы практикалык иштеринин жана илимий изилдөөлөрүнүн башка багыттарына токтолду.
Улан Сарбанов тиешелүү бизнес-пландын презентациясынын негизинде каржылоого арыз берүүдө мындан аркы иштерге даяр экендигин белгиледи. Мындан тышкары, Фонд менен КУАУ эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча маалымат алмашууну улантууга макулдашышты.
Жолугушуунун соңунда ВКӨФ 2024-жылдын сентябрынын башында “Венгрия-Кыргызстан” айыл чарба форумун өткөрүү боюнча венгриялык тараптын пландары менен бөлүштү.