Loading...

SONUN заводундагы жолугушууга катышуу жөнүндө

2024-ж., 5-апрель
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 5-апрелинде Чүй облусунун, Сокулук районунун, Новопавловка айылындагы, Баетова көчөсү 1а, жайгашкан «Прод Импекс» ЖЧК заводунда («SONUN» соода белгиси), агроөнөр жай бирикмесинин каржылыгын колдоого муктаж мүчөлөрүнүн потенциалын чыңдоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү максатында жыйын өттү.

Бул аземдин максаты – иштин сапатын жогорулатуу жана ийгиликтерге жетишүү үчүн бирикменин мүчөлөрү туш болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри – Торобаев Б.Э., «Прод Импекс» ЖЧКсынын («SONUN» соода маркасы) директору – Майлиева Ш.Д., өнүктүрүү фонддордун, бизнес коомчулугунун, мамлекеттик банктардын жана башка бирикмелердин мүчөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын башында бардык катышуучулар заводду кыдырып, продукциялардын ассортименттери менен таанышып, алардын кандайча чыгарылып жатканын көрүштү. Андан соң, компаниянын өкүлдөрү кырдаалды түшүнүү жана аны жакшыртуунун жолдорун табуу үчүн презентация өткөрдү. Ар кандай чечимдери жана өнүктүрүү стратегиялары, анын ичинде гранттар, кредиттер жана инвестициялар аркылуу каржылык колдоо талкууланды. Ошондой эле, жаңы рынокторду издөө, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү ыкмалары талкууланды.

Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун өкүлү кредиттик жана инвестициялык кызматтын эксперти – Кыштообеков Мелис Жамгырбекович болду.