Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “Окутуу борбору” менен пенсиялык сабаттуулук боюнча жолугушуу
2024-ж., 12-март
Постту бөлүшүү:
2024-жылдын 12-мартында Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун “Окутуу борбору” тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын максаты калк арасында социалдык камсыздандыруу системасы жана пенсиялык сабаттуулук боюнча баштапкы билимдерди берүү жана жогорулатуу болгон.
Бул иш-чаранын алкагында Фонддун кызматкерлери билимдерин кеңейтип, орун алган көйгөйлөрдү талдап, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Ошондой эле, пенсиялык системанын түзүмү, иштеши, каржылоо жана жөнгө салуу сыяктуу негизги аспектилери каралды. Фонддун кызматкерлери пенсиялык системага байланыштуу негизги түшүнүктөр жана терминдер менен таанышышты, ошондой эле пенсиянын ар-кандай түрлөрү жана аларды дайындоо шарттары жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алышты.
Жыйынга фонддун кызматкерлеринен тышкары КР Социалдык фондунун «Окутуу борбору» башкармалыгынын башчысы Элмира Оморова жана бөлүмдүн башкы адиси Бактыгүл Сарымсакова катышты.
Бул жолугушууга катышуу билимдеги боштуктарды жоюуга, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү пенсиялык системанын абалы жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алууга, бул жааттагы алдыңкы тажрыйбалар жана заманбап тенденциялар менен таанышууга мүмкүндүк берди. Бул Фонддун кызматкерлерине квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү болууга жардам берет.