Loading...

Баткен облусунун комплекстүү өнүгүүсү боюнча улуттук диалог

2024-ж., 4-март
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 4-мартында Бишкек шаарындагы «Хаят» мейманканасынын имаратында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, донорлордун, эл аралык уюмдардын, каржы институттардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн катышуусунда Баткен облусунун комплекстүү өнүгүү маселесин талкуулоо үчүн аянтча түзүүгө арналган улуттук диалог болуп өттү.

Иш-чаранын максаты мүмкүн болгон биргелешкен аракеттерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана Баткен облусун туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүү, аймактагы туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөөгө көмөктөшкөн координацияланган жана комплекстүү мамиле үчүн стратегиялык демилгелерди түзүү.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, БУУнун өкүлдөрү, ПРООНдун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча администраторунун орун басары Ивана Живкович, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башкалар катышты.

“Баткен облусунун комплекстүү өнүгүү” презентациясында облустагы социалдык-экономикалык долбоорлорго жана объектилерге инвестиция тартуунун негизги артыкчылыктары белгиленди. Донорлор өз кезегинде медицина жана жашыл экономика тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Улуттук диалогдо түзүлгөн талкуулар жана өнөктөштүк Баткен облусунун өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү таасирин тийгизип, анын калкынын татыктуу жана бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзөрү күтүлүүдө.

Иш-чарада Венгер-Кыргыз өнүгүү Фондунун өкүлү болуп башкармалыктын мүчөсү – Курманов Канат Маратбекович катышты.