Loading...

AmCham менен бизнес эртең мененки тамак

2022-ж., 3-июнь
Постту бөлүшүү:

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын (AmCham) мүчөлөрү менен бизнес эртең мененки тамак уюштурулду.

Иш-чара түз байланыш форматында болуп өттү, анда пайда болгон суроолорго жооптор менен ВКӨФ ишмердүүлүгү тууралуу тааныштыруу презентациясы көрсөтүлдү.

Иш-чарага экономиканын түрдүү тармактарынан 30га жакын потенциалдуу өнөктөштөр жана кардарлар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланды: ВКӨФ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, артыкчылыктуу секторлор, каржылоонун шарттары жана жол-жоболору. Ошондой эле иш-чаранын конокторуна ВКӨФ расмий сайтында Бизнес-клубдун тууралуу маалымат берилди, анда катышуучулар потенциалдуу венгриялык өнөктөштөрдү таба алышат.

Катышуучулар бизнес эртең мененки тамак кызыктуу жана мазмундуу болгонун белгилешти.