29-февралда Венгрия-Кыргыз өнүгүү фонду (мындан ары – Фонд) «Кыргыз Жылкысы» ДФЧ кардардын жылкы фермасын реконструкциялоо боюнча пландуу текшерүү жүргүздү. Фонддун өкүлдөрү Фонд Кеңешинин Төрагасынын орун басары Золтан Нитраи, Башкармалыктын мүчөсү Канат Курманов жана эксперттер Нурбек Азыгалиев менен Амантур Айдаров болушту.
Учурда мекемеде ат сарай, ат аянтча, чакан мейманкана, намазкана, ашкана, төрт волейбол аянтчасы бар спорт залы курулган жана конокторду кымыз менен дарылоого ылайыкталган бир нече боз үйлөрү бар.
Чарбанын аймагында жабык бассейндин ички жасалгалоо иштери жана көлмөнүн үстүндө ресторандын курулушу жүрүп жатат.
Эс-алуу жайынын ачылышы июнь айына күтүлүүдө.