Loading...

КР ЭКМдин инвестициялык долбоорлор боюнча жыйынына катышуу жөнүндө

2024-ж., 26-февраль
Постту бөлүшүү:
26-февралда Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары - Фонд) 2024-жылы ишке ашырыла турган 100 долбоордун жана иш-чаранын тизмесин иштеп чыгуу тууралуу видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Амангелдиев Данияр Жолдошевичтин төрагалыгы астында өткөн жыйынга катышты. Фонддун атынан Башкармалыктын төрагасы Улан Сарбанов катышты. Учурдагы абал жана инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруудагы тоскоолдуктар талкууланган жыйынга: Финансы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрдин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлү; Россия-Кыргыз өнүгүү Фондунун жана Өзбек-Кыргыз өнүгүү Фонду Башкармалыгынын төрагалары; «Кыргызиндустрия» ААК, «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жетекчилери катышты.