2024-жылдын 26-28-февралында Бишкектеги «Jannat Regency Bishkek» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча “Агродиалог-2024” Республикалык агроөнөр жай форуму өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси – Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри – Бакыт Төрөбаев, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү, кайра иштетүүчүлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарба тармагындагы алдыңкы ишкерлери катышышты.
Иш-чаранын катышуучулары өлкөдөгү айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, агрардык сектордо туруктуу тажрыйбаны өнүктүрүү жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Форумда фермерлер алдыңкы айыл чарба ишкерлери менен жолугушуп, жаңы өнөктөштөрдү таап, бизнесин өнүктүрүүгө жана чет өлкөлөргө продукция экспорттоого мүмкүнчүлүк алышты. Форумдун алкагында B2B сессиялары өткөрүлдү. Дыйкандар ири өндүрүшчүлөр, кызмат адамдары, мамлекеттик банктар, фонддор менен түз байланышып, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бул форумда Венгрия-Кыргыз өнүгүү фондунун өкүлдөрү кредиттөө жана каржылоо кызматынын эксперти – Кыштообеков Мелис Жамгырбекович жана башкармалыктын мүчөсү – Курманов Канат Маратбекович болушту.