Loading...

Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча конференцияга катышуу жөнүндө

2024-ж., 21-февраль
Постту бөлүшүү:
21-февралда Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары – Фонд) «Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү: өлкөлөрдүн жана эл аралык каржы уюмдарынын тажрыйбасы» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. Фонддун өкүлдөрү кредиттик жана инвестициялык Кызматтын эксперттери Амантур Айдаров менен Мелис Кыштообеков болду.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана «Кепилдик фонд» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Малик-Айдар Абакиров куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Конференциянын баяндамачылары ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү Эрлан Абдраимов, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» ЮЖБ президенти Анвар Абдраев, «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев жана башкалар болушту.

Конференциянын катышуучулары финансылык инфраструктуранын өнүгүү даражасы жана анын мындан аркы өсүү жана өнүгүү потенциалы, массалык ишкердикти, анын ичинде стартап-долбоорлорду өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү тууралуу баяндамаларды жасашты.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жашыл каржылоо инструменттерин колдонуу, акыркы технологияларды колдонуунун натыйжалуулугу, эмгек шарттарын оптималдаштыруу, жашыл жумуш орундарын түзүү жана улуттук экономикада инновациялык процесстерди стимулдаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.