“Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүдө аялдар жөнүндө” иш-чарага катышуу жөнүндө
2024-жылдын 1-февралында Венгрия-Кыргыз өнүгүү фонду (мындан ары – Фонд) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган “Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” аттуу иш-чарага катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Эдил Байсалов жана Кыргызстанда иш алып барган эл аралык донордук уюмдардын, министрликтердин, жогорку окуу жайлардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Фонддун өкүлү талдоочу Кыштообеков Мелис Жамгырбекович болду.
Конференциянын ачылышында Кыргызпатенттин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, Кыргызпатент «40 район – 40 демилге», «Стартап студенттер», «Стартап улут» сыяктуу долбоорлор аркылуу жаш чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле, жыл сайын өткөрүлүүчү “Илимдеги, ойлоп табуучулукта жана инновациядагы аялдардын образы” аттуу сынак аркылуу. Мындан тышкары, мекемеде ишке ашырылып жаткан башка долбоорлор тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Жолугушууда башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү: “БУУнун Аялдар уюму”, “Ага Хан” Фонду жана “Германия Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ)” бул багыттагы иштердин маанилүүлүгүн жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин белгилешти.