Loading...

Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин кезексиз жыйыны тууралуу

2023-ж., 29-декабрь
Постту бөлүшүү:

29-декабрь 2023-жылы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министири Данияр Джолдошевич Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Венгрия - Кыргыз Өнүктүрүү фондунун (мындан ары-ВКӨФ же Фонд) Кеңешинин кезексиз он биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов жана башкармалыктын мүчөсү Канат Курманов баяндама жасашты.

Кеңешинин отурумунда эки инвестициялык долбоор каралып, чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, кеңештин мүчөлөрү бухгалтердик эсептин айрым маселелери боюнча маалыматтарды угушту.