Loading...

Семинарга ВКƟФ катышты

2024-ж., 25-январь
Постту бөлүшүү:

2024-жылдын 23-24-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, район-шаарлардын акимдери жана мэрлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө Венгрия өнүктүрүү фонду өз ишмердүүлүгү менен тааныштырып, каржылоо шарттары тууралуу сөз болду. Презентацияны Башкармалыктын мүчөсү Канат Маратбекович Курманов жасап, Фонд менен иштөөнүн негизги аспектилерин жана артыкчылыктарын кеңири айтып берди. Анын сүйлөгөн сөзү семинардын катышуучуларынын кызыгуусун жаратып, Фонд менен өкмөт өкүлдөрүнүн тажрыйба жана билим алмашуусуна өбөлгө түздү.

Венгер-кыргыз өнүктүрүү Фондунун кызматкерлери Кыдырганов У.Ж. жана Кыштообеков М.К. да иш-чарага активдүү катышып, колдоо көрсөтүп, зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды беришти. Семинар кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду. Мындай иш-чаралардын уюштурулушу Кыргызстандын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат жана өлкөдөгү жалпы саясий жана социалдык кырдаалга жакшы таасирин тийгизет. Каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана ийгиликтүү долбоорлордун тажрыйбасы менен таанышуу Кыргыз Республикасы менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жардам берет.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган семинар түрдүү түзүмдөрдүн жана мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү билим, тажрыйба жана идеяларды алмашуу аянтчасына айланды. Ал өнүктүрүүнү каржылоонун жана кызматташуунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөттү, ошондой эле региондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу таламында мамлекеттер ортосунда жаңы байланыштарды жана кызматташтыкты түзүүгө жардам берди.