Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун Кеңешинин кезектеги отуруму жөнүндө
2023-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Амангелдиев Данияр Жолдошевичтин төрагалыгы алдында Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун (мындан ары - ВКӨФ же Фонд) Кеңешинин кезектеги онунчу отуруму болуп өттү.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов, Башкармалыктын төрагасынын орун басары Улукбек Кармышаков жана Башкармалыктын мүчөсү Канат Курманов баяндама жасашты.
Фонд кеңешинин жыйынында Фонд кеңешинин тапшырмаларынын жана чечимдеринин аткарылышы, 2023-жылдын 11 айына карата ишинин натыйжалуулугу жөнүндө Фонд башкармалыгынын отчету, инвестициялык долбоорлор, 2024-жылга иш планы жана бюджети, башка маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле, Фонд кеңешинин отурумунда Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү маселеси талкууланды.
Фонд кеңешинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын биринчи кварталынын аягына пландаштырылганын билдерди.