«ЭКСПО Аялдардын ишкердиги – 2023» катышуу жөнүндө
13-14-ноябрда Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду (мындан ары – Фонд) аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «ЭКСПО Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасына катышты. Фонддун өкүлдөрү болуп Башкармалыктын Төрагасы Сарбанов Улан, Башкармалыктын Мүчөсү Курманов Канат, адис Турсунбаева Назгүл жана талдоочу Айдаров Амантур катышты. Фонддун кызматтары боюнча консультациялар үчүн аянтча уюштурулуп, анда ишкер аялдар фонддун иши боюнча материалдарды жана кеңири кеңештерди алышты.
Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал белгилегендей, мындай иш-чаралар аялдардын иш менен камсыз болушунун өсүшүнүн жана экономиканын улуттук кирешесинин өсүшүнүн кыймылдаткычы болуп саналган аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу жардам берет.
«ЭКСПО Аялдардын ишкердиги» Кыргыз Республикасында үчүнчү жыл катары менен өтүп жатат жана ишкер аялдарды жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Турмуштун ар кандай катмарындагы жана тармактардагы аялдарды бириктирип, «ЭКСПО Аялдардын ишкердиги – 2023» шыктандыруу, билим берүү жана ишкердик экосистемада жана жалпы эле коомдо позитивдүү өзгөрүүлөргө түрткү берүүнү көздөйт. «ЭКСПО Аялдардын ишкердиги – 2023» акциясынын алкагында 200дөн ашык айым бизнес жүргүзүүнүн ыкмаларына окутулуп, 100дөн ашык ишкерлер өз продукцияларын сунуштап, сатууга мүмкүнчүлүк алышты.
Конференциянын баяндамачылары ошондой эле «БУУнун Аялдар» уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Улзийсурен Жамсран, Ага Хан өнүктүрүү Фондунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы аймактык директору Айтен Рустамова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрдин орун басары Айнура Усенбекова жана башкалар.