Майлуу-Суу лампа заводуна баруу женунде
10-октябрда Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты. Заводдун башкы директору Даирбек Закиров менен жолугушууда кыргыз ишканасы менен анын венгриялык өнөктөштөрүнүн өз ара пайдалуу кызматташуусунун алкагында өндүрүштүк жабдууларды модернизациялоо долбоору боюнча мындан аркы аракеттер талкууланды.
Маалымат үчүн:
Фонддун каржылоо шарттары менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://hkdf.kg/frontend/web/application/index