Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри менен Венгриянын айыл чарба министри жолугушуу катышуу женунде
2023-жылдын 5-сентябрында Венгер-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (мындан ары - Фонд же ВКӨФ) Башкармалыгынын Төрагасы Улан Сарбанов Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков менен Венгриянын айыл чарба министри Иштван Надь жолугушуусуна катышты. Бул жолугушуу Иштван Надь башында турган венгриялык делегациянын 5-6-сентябрда Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуу Аскарбек Джаныбеков менен Иштван Надь куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Андан ары эки тарап айыл чарба тармагы эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу тармак болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты белгилешти.
Тиешелүү министрликтердин жетекчилери пикир алмашып, Венгриянын тажрыйбасын, билимин жана технологияларын төмөнкү тармактарда колдонуу боюнча пайда болгон жемиштүү кызматташууну улантууну пландаштырышты: үрөнчүлүк, ирригация, сүт жана эт-сүт багытындагы бодо мал. Эксперттердин катышуусунда тараптар Кыргыз Республикасынан Венгрияга бал, эт, жаңгак жана кургатылган жемиштерди жеткирүүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө А. Джаныбеков У. Сарбановду катышуучуларга тааныштырып, Фонд проектерди каржылоодо негизги ролду ойноорун, аларга бизнес-өнөктөш катары иш алып барган кыргыз жана венгр компанияларынын атынан билдирмелер бериле тургандыгын билдирди.
Шилтеме:
- Фондду каржылоо шарттары менен https://hkdf.kg/frontend/web/application/index шилтемеси боюнча сайттан таанышууга болот. Маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде;
- Биринчи долбоор (жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча) Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында жалпы суммасы 650,0 миң АКШ долларына каржыланган;
- Жалпы суммасы болжол менен 3,8 млн АКШ долларына бодо малды жеткирүү боюнча эки проектер даярдалууда.