“Бүгүнкү аракет-Эртенки Келечек” инвестициялык форумуна катышуу жөнүндө
4-августта Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун адиси Назгүл Турсунбаева Нарын областынын Ат-Башы районундагы Калинин айылда уюштурулган “Бүгүнкү аракет-Эртенки келечек” инвестициялык форумуна катышты. Бул иш-чаранын катышуучулары Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин максаты жана каржылоо шарттары менен таанышты. Форумга кичи жана орто бизнестин, каржы институттарынын жана кредиттик уюмдардын, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун катышуучуларына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров куттуктоо сөзү менен кайрылып, андан соң КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, министрдин орун басары К.Закенаев сөз сүйлөштү. экономиканын.
Катышуучулар төмөнкү өнүгүү кластерлеринин өкүлдөрүнүн презентациясы менен таанышышты:
- Эт;
- Сүт;
- Бал;
- Балык чарбасы;
- Туризм;
- Чычырканак жана карагат;
- Дары чөптөр.
Ошондой эле жергиликтүү ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир кластер боюнча секциялык иштер жүргүзүлүп, келишимдер менен меморандумдарга да кол коюлду.
Жыйындын катышуучулары ишканалардын негизги көйгөйлөрү катары ишкананы кеңейтүү үчүн жер тилкелеринин жоктугу, сугат жана ичүүчү суунун, кредиттик каражаттардын жетишсиздиги экендигин белгилешти.
Шилтеме:
Фонддун каржылоо шарттары менен https://hkdf.kg/frontend/web/application/index шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.