Венгриялык-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ачылышы
5-жылдын 2021-ноябрында "Орион" мейманканасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петеря Сийярто , ошондой эле Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жана Кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун ишмердигин расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү.
Министр П. Сийярто белгилегендей, 2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Өкмөттөр ортосунда биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлган. Бул фонддун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Фонд биргелешкен өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат жана аны түзүү Кыргыз Республикасында, өзгөчө постпандемиядан кийинки мезгилде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт
Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана бардык катышуучуларды жеке куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Венгрияны көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий байланыштар байланыштырып турганын белгиледи.
Стратегиялык өнөктөштүктүн мындай тарыхый байланыштары, ошондой эле Венгриянын Европа Биримдигинде болушу, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү бул платформаларды кызматташтыкты арттыруу үчүн колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул биргелешкен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтет.
Министр ошондой эле Фонддун ишин баштоо пандемиянын өлкөбүзгө экономикалык абалына тийгизген таасирин жоюуга жардам берерине ишенимин билдирди, атап айтканда, Венгриядан Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу, бул өз кезегинде өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты андан ары тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана оң мультипликативдик эффектке алып келет, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Бүгүнкү күндө фонддун уставдык капиталы 16 миллион долларды түзсө, келечекте уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү пландалууда.Фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат жана аны түзүү Кыргыз Республикасында, өзгөчө постпандемиядан кийинки мезгилде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен Фонддун Кеңешинин жана Башкармасынын курамы бекитилди. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалып бүттү.
4-ноябрда Фонддун директорлор кеңешинин биринчи отуруму болуп, анын жыйынтыгында катышуучулар бир катар чечимдерди кабыл алышты.